Жылнаама. 5-декабрь: Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" түнкү клубунда өрт чыгып, 156 киши каза болгон

1936-жылы 5-декабрда Кыргыз АССРинин мамлекеттик саясий статусу Союздук Республикаболуп өзгөртүлгөн.

5-декабрь, 1960-жыл. Бул күнү ЖКнын экс-төрагасы жана V чакырылыштын “Ата Журт” партиясынан шайланган депутаты, экс-министр Марат Султанов Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1983-жылы Москва шаарындагы Болот жана аралашмалар институтун аяктаган. 1994-1998-жылдарда Улуттук банктын төрагасы, 1998-2000-жылдары Каржы министри, 2000-2005-жылдарда ЖКнын депутаты, 2006-2007-жылдары парламенттин спикери, 2009-2010-жылдар ичинде кайрадан Каржы министри болуп иштеген.
1901-жылдын 5-декабрында америкалык сүрөтчү, кинорежиссёр-мультипликатор Уолт Дисней  туулган. Ал көп балалуу үй-бүлөдө туулган. Атасы Элиас Дисней үй-бүлөсүн багуунун айласын издеп, майда-барат курулуш иштери менен иштечү. Ал эми апасы Флора болсо, үй тиричилиги менен алектенип, атасынын жумушуна да жардамдашчу. Уолттун ата-энеси канчалык эмгектенишпесин жарды турмуштан арыла алышкан эмес. Беш баланы багуу Элиаска кыйын болгон. Ошондуктан балдардын улуусу Уолт кол арага жараган күндөн тартып иштей баштайт. Ал атасынын фирмасына тиешелүү каттарды күнү-түнү ташып, тапкан акчасынын баарын атасына берген. Уолт атасы бөлүштүргөн жумуштан тышкары да кошумча иштеп, анын акчасын атасына билгизбей өз керегине жумшачу. Диснейлердин үй-бүлөсү Марселин шаарчасында жашаган. Бул шаарчанын көпчүлүк эли Уолтту жакшы таанышчу. Анткени Уолт куудулданып, көңүлдүү жүрөр эле. Ал кичинесинен сүрөткө кызыгып, жети жашынан тартып өзү тарткан "комикс" сүрөттөрүн сатып акча тапкан. Мектептин дубал гезитин чыгарып жүрүп, кийин гезит карикатурасынын курсун окуп бүтүргөн.  Бардык башка жарды үй-бүлөлөр сыяктуу эле Диснейлердин үй-бүлөсү да Канзас Сити шаарына жумуш табуу үмүтү менен көчүп келишет. Ал жакта Уолттордун үйүнөн көп алыс эмес жерде кооздолгон заңгыраган үй турар эле. Уолт бул үйгө абдан кызыгып, бийик чеп менен тосулган үйдүн айланасында тегеренип жүрө берчү. Бир жеринде жылчык болсо, эптеп короого кирип, ичин бир көрүп чыксам деп кыялданат. Бирок тилекке каршы анын эч бир жеринен кирүүгө мүмкүн эмес болгон. Ошондо ал кийин чоңойгондо сөзсүз балдар ойногонго ылайыктуу бакчасы бар үй курам деп сөз берет. Анын бул тилеги туура кырк жыл өткөн соң иш жүзүнө ашып, "Диснейлендди" курган.
2009-жылы бул күнү Орусиянын Пермь шаарындагы "Хромая лошадь" түнкү клубунда өрт чыгып, 156 киши каза болгон.
5-декабрь, 2002-жылы Кыргызстанга Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин иш сапар менен келген. Адегенде, Владимир Путинди Кыргызстан президенти Аскар Акаев кабыл алып, өлкө жетекчилери жекеме-жеке жолугушкан. Андан соң кеңири курамдагы биргелешкен сүйлөшүүлөр жүрүп, тогуз пунктан турган "Бишкек декларациясына" кол коюлган. "Бишкек декларациясына" ылайык Кыргызстандын Орусия мамлекетине болгон тышкы карызын төлөө 20 жылга узартылган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан