Америкалык белгилүү актриса жана ырчы Женнифер Лопес менен голливуд актёру Бен Аффлектин үлпөт тою өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Түгөйлөр 16-июлда никесин расмий түрдө каттатышкан. Эми актриса расмий түрдө Женнифер Аффлек ысымын алды.
Белгилей кетсек, түгөйлөр 2001-жылы "Жильи" тасмасын тартуу учурунда таанышкан. 2002-жылы Бен Аффлек үйлөнүү сунушун киргизгени менен массалык маалымат каражаттарынын тынымсыз көңүл буруусунан улам алардын үлпөт тою өтпөй калган.
Арадан жыйырма жыл убакыт өткөн соң, тагыраагы 2021-жылы алар кайрадан сүйүү мамилесинде экени маалым болгон.
Үлпөт той Лас-Вегастагы "A Little White Wedding Chapel" аттуу салтанат өргөөсүндө өткөн.
Тойдо ырчы Женнифер Лопес тасмалардын бирине тартылганда кийген ак көйнөгүн кийип чыккан.