Түркиянын Мардин шаарында жүк ташуучу унаа токтоно албай жол жээгиндеги адамдарды тебелеп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Ага ылайык, окуя 20-августта Мардиндин Дерик районунда орун алган. Май куюучу жайдын жанында болгон кырсыкта тормозу иштебей калган “TIR” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа алдындагы унааларды сүзүп өтүп, көп кабаттуу имаратка урунуп токтогон.
Кырсыктан 20 адам каза болуп, 26 адам жаракат алгандыгы айтылат. Жүк ташуучу унаанын эки айдоочусу камакка алынып, учурда кырсыктын себебин иликтөө иштери жүрүүдө.