Бул тууралуу 4-декабрда Чүй ИИББи билдирди. Маалыматта айтылгандай, аларга эки кишинин баңгизат менен иштери тууралуу маалымат түшкөн. Шектүүлөрдүн артынан түшкөн топко алардын Токтогулдан Жалал-Абадга "товар" ташый турганы маалым болгон. 3-декабрда алардын Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылындагы үйүн тинтүүгө алганда сарайынан, жыйылган чөптүн астынан 4 мүшөк майдаланган кара куурай табылган. Дагы бир сарайындагы темир цистернанын ичинен 9 мүшөк колдонууга даяр болгон марихуана табылган. Бул кылмышка шектелип 41 жаштагы Т. Жолдошбек жана 27 жаштагы А.Базарбек колго түшкөн. Шектүүлөр Ысык-Ата РИИБине алып келинип, 247-берененин (мыйзамсыз баңгизатын сактаган, даярдаган, ташыган) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөдө алардын кара куурайды өз огородунда өстүрөрү маалым болду. |