2013-жылдын 2-декабрында Нарын облусунун Жумгал райондук прокуратурасы Нарын ОИИББинин кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлери Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиевди катуу сабап салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган. Бул окуя үстүбүздөгү жылдын 1-декабрь күнү “Кара-Кече” көмүр кенине кире бериш жеринде болгон.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-берене (киши өлтүрүү), 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор РИИБинин кызматкерлери Ж.С., Р.Т. жана Нарын ОИИББинин кызматкери Ч.Б. кылмышка шектелип кармалышты.