Бишкекте эки унаа кагышып, эки адам жабыркады. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-декабрда саат 14:35тер чамасында Мерседес Бенц-412 жана Мерседес Бенц-208 унаасы сүзүшкөн. Бул жол кырсыгы Байтик баатыр көчөсү менен Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес Бенц-412 унаасындагы 61 жаштагы Т.К. жана 20 жаштагы М.А. жабыркаган.
Учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.