Бишкекте автобус жол кырсыгына кабылып, үч жүргүнчү жабыркады. Бул туурасында бүгүн, 5-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул жол кырсыгы 4-декабрь күнү 14:30дар чамасында болгон. Юнусалиев көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жаткан автобус Мерседес Бенц-Е220 унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен 71 жаштагы С.Каныбек, 49 жаштагы Ж.Кызылгүл, 19 жаштагы О.Жылдыз денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.