«Газпром Кыргызстан» компаниясынын кызматкерлери донордук кан чогултуу акциясын колдошту

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы кеңсесинин 45 кызматкери донордук кан чогултуу акциясын колдошуп, өлкөдөгү кандын курамдык бөлүктөрүнүн жетишсиздигин чечүү маселесине өз салымдарын кошушту.

Бул компаниядагы Донор күнүнүн төртүнчү жолу өткөрүлүшү. «Газпром Кыргызстан» компаниясынын филиалдарынын көптөгөн кызматкерлери туруктуу түрдө кан тапшырып турушат.

Мындан тышкары башкы кеңсенин кызматкерлери Республикалык кан борборунун көчмө мобилдик бригадасына керектүү болгон медициналык шаймандарды сатып алуу үчүн каражат бөлүп беришти.

Маалымкат

Кан донорлугу дени сак адамдын организмине терс таасирин тийгизбейт жана жеңил өтөт. Кандын курамы бир жуманын ичинде толук калыбына келет. Регулярдуу түрдөгү донорлук ден соолукка оң таасирин тийгизет: анча көп эмес өлчөмдөгү канды жоготуу организмдеги алмашуу процессин жакшыртат; кан жараткыч органдардын ишин жөнгө салып, кан айланууну күчөтөт жана кан жоготуудагы туруктуулукту камсыз кылат.

Канды тапшырууга кантип даярдануу керек, ким донор боло албай тургандыгы жана башка суроолор боюнча 0312541913 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Кан тапшырууну каалагандар Айтматов кең көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан Республикалык кан борборуна тапшыра алышат. Кан тапшыруу саат 08:00дөн 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан