Ошто Сириядагы согушка көмөктөшүп жүргөн террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды

Ошто Сириядагы куралдуу кагылышууга катышып жаткан “Таухид валь Жихад” террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, террордук топтун активдүү мүчөлөрү Өзгөн шаарынан кармалган. Алар Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын тургуну, 1999-жылы туулган. А. уулу А., анын жердеши 1996-жылы туулган Ф. уулу К. болгон.
"Алардын Сирияда болуп жаткан куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Ош шаардык аэропортунан Түркияга учуп барып, согуштук талаасына өтүү үчүн аракет жасап, бирок өтө албай кайра Кыргызстанга учуп келгендиги тууралуу оперативдүү маалыматтар болгон. Учурда кармалган жарандардын үстүнөн ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Ош ШИИБинен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан