Бүгүн, 5-декабрда саат 03:10дор чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 635-чакырымында жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтар боюнча жол кырсыгы Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында болгон. Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жогорку ылдамдыкта келип, жолдун четинде токтоп турган КамАЗды сүзгөн. Хонда Стрим унаасынын ичинен каза болгондордун денеси куткаруучулар тарабынан чыгарылган.