Акыркы сутка ичинде республика аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Муну бүгүн, 5-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов билдирди.
Анын айтымында, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1 кырсыгы болгон. Өрт кырсыгынан каза тапкандар жок.