"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» техникалык иштер аяктаганын билдирет!

"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы» техникалык иштер аяктаганын билдирет!

"Урматтуу кардарлар, бардык кызматтар толугу менен калыбына келтирилди! Техникалык өркүндөтүүлөр убагында жүргүзүлбөгөндүктөн (25.08.2022 ж.) көптөгөн колдонуучуларыбыз күтүлбөгөн кыйынчылыктарга туш болушту. Учурда MBANK тиркемеси, POS-терминалдардагы төлөмдөр жана банкоматтар күнүмдүк колдонууга толугу менен даяр.

Буга чейин маалымат каражаттарында орусиялык банктар менен иштешкен орусиялык Right Line компаниясына хакердик чабуулдар жасалганы тууралуу маалымат тараган. КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы бул иш-чаранын банктын ишине эч кандай тиешеси жок экенин билдирет. Биз маалыматтык коопсуздуктун жогорку деңгээлин сактоо үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз.

Банктын жана бардык кызматкерлердин атынан жүргүзүлүп жаткан техникалык иштердин жүрүшүндө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайм жана Банктын бардык иш-аракеттери көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган деп ишендирип кетким келет".

«КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банк» ААКсы Башкармалыгынын Төрагасы Сагындыков Ж.Ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан