Кечээ, 4-декабрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Сарай айылында жайгашкан мечитте өрт чыккан. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Өрттүн кесепетинен мечиттин 70 чарчы метр чатыры, ичиндеги төшөнчүлөр, килемдер күйгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.