Свердлов РИИБине 17 жаштагы Бегимайдын төрөп, талаага көмүп салгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Алтын-Казык конушунун чыгыш тарабынан киндиги кесилбеген, чирип бара жаткан ымыркай кыздын түйүлдүгү табылган. Учурда түйүлдүк соттук-медициналык экспертизада.
Маалымат боюнча окуя мындайча болгон. 17 жаштагы С.Бегимай 2012-жылы апрелде 19 жаштагы Б.Илгир аттуу жигит менен таанышат. Көп өтпөй андан боюнда болуп калганын билет. Бул тууралуу жигитке айтса, ал ата болгусу келбегенин билдирип, 6 айдан кийин бойдон алдырып салууга боло турганын кошумчалайт. Ошондон кийин эки жаш телефон аркылуу гана байланышып калышкан.
25-октябрда Илгир Бегимайды Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барып, УЗИге түшүрөт. Андан түйүлдүккө 22-23 жума болгонун билишет. Врач-гинеколог У.Арель мында мөөнөт менен аборт жасоого болбой турганын айтып түшүндүргөндө, кыз андан түйүлдүктөн кутулууга жардам берүүсүн суранат. Дарыгер бул кызматы үчүн 15000 сом сурап, 1 жумадан кийин келүүсүн өтүнөт. Белгиленген күндө келген Бегимайга врач толгоо чакыруучу дары жазып берип, 1 күндөн кийин келүүсүн өтүнөт. Анын айтуусу боюнча толгоо бир нече суткадан кийин келмек. Бирок Бегимай ошол эле күнү толготуп, үйдөгүлөрдөн коркуп сыртка чыгат да, көлмөнүн жанынан төрөп коёт. Жигитине чалары менен ал врач жана таанышы Айгер менен кошо жетип келет. Врач кызга ийне сайып, Айгер аны үйүнө жеткирет. Эртеси Бегимай эч нерсе болбогондой жумушка чыгат.
Бир нече күндөн кийин кыз жигитине телефон чалып, ымыркай тууралуу сурайт. Ошондо Илгир аны жууп, ак чүпүрөккө ороп, достору менен бирге чоң жол тарапка көмгөнүн айтат.
Бирок тергөөнүн жүрүшүндө Илгир башкача көрсөтмө берүүдө. Окуяга катыштыгы бар 23 жаштагы А.Айзер, 20 жаштагы Г.Нур, 19 жаштагы Ж.Талан сурак учурунда баары С.Бегимайдын сөзүн ырасташкан. Ал эми 35 жаштагы дарыгер У.Арель кардарларынын көптүгүнөн Бегимайды эстей албай жатканын айткан. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.