"Бири шымын жыртып алса, бири апалардын жүзүндөгү бырышын кетирип...". Фотографтар кызыктуу окуяларын айтат

Жашообуздун үчтөн бир бөлүгүн иштеген жумушубузда өткөрүп, тактап айтканда тандап алган кесип менен алек болорубуз ырас. Кесип адамдын көз-карашын өзгөртүп, өнүктүрүп, элге таанытат эмеспи. Албетте, кылып жаткан ишин сүйүп, андан ырахат алып, жумушу үчүн жан-үрөсө...

SUPER.KG порталы өз ишинде ийгиликке жеткен, өзгөчө аракетчил кесип ээлерин таанытып, тажрыйбаларын тартуулап келет. Бул жолу кесиби ары татаал, ары кызыктуу болгон фотографтардын жумушу тууралуу сөз болмокчу. Алар мыкты кадр чыгаруунун сырлары жана баштан өткөн кызыктуу окуялары менен бөлүшөт.

Саламат Именов

Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде журналистика факультетин аяктагам. Окуп жаткан учурда жазган макалабыздан дагы, ошол окуя боюнча тартылган сүрөтү маанилүү экенин түшүндүм. Анткени адамдар гезит бетинен болобу, сайттан же социалдык тармактан болобу, биринчи кезекте сүрөткө көңүлүн бурат экен. Сүрөт өзүнө тартса темасын окуйт, анан темасы кызыктырса тексти карайт. Ошондо мага сүрөткө болгон кызыгуу пайда болду. Адамды кандай сүрөт тартат, аны кандай тартыш керек деген суроолорго жооп издей баштадым. Үйрөнүү учурунда жарыктын жана ар бир түстүн адамдын аң сезимине ар башкача таасир берерин жана бир сүрөт аркылуу ар кандай маани-маңызды берсе болорун түшүндүм. Ошондон тарта бул өнөр мени арбап алды. Бул жаатта эмгектенгениме жети жылдан ашыптыр.

Калем менен жазуу үчүн сыя керек болсо, сүрөт тартыш үчүн жарык керек болот. Аны көрүү, сезүү жана түшүнүү зарыл. Жарыктын да түрлөрү бар, ар бири өзүнчө көрк берет. Албетте, андан сырткары ракурс, композиция, жана техникалык жабдуулар сыяктуу маанилүү нерселер бар. Бирок мунун бардыгы сүрөт тарткан адамдын көрүүсүнө жана фантазиясына байланат.

Фотограф болуп иштеп жатып кызыктуу окуяларга туш болосуң. Эсимде, шаар айланып көчөдөгү адамдарды тартып жүргөм. Алдыман бир кызды көрүп: "Чоң кыз сизди бир сүрөткө тартып алсам болобу?” десем, “болот, бирок мен эркекмин", деп уят кылган. Ошол сүрөттү Инстаграм жана ТикТокко киргизгенде миллиондогон көрүүлөр болуп, комментарий жазгандардын жарымы эркек десе, жарымы кыз деген (күлүп).

Бир жолу апаларды сүрөткө тартканда, бетимдеги бырыштарды тазалабапсын деп таарынган учуру болгон. Мен үчүн апалар ошол жүзүндөгү бырыштары менен сулуу эле. Анан кайра тазалап, бырыштарын түздөп бергем.

Мага негизи студиялык съёмкалар жагат, бардык нерсе колуңда болуп оюңдагыны жаратуу мүмкүнчүлүгү бар.

Эржан Кадырбеков

Мен 8 жылдан бери фотограф болуп эмгектенип келем. Ойлогон максатыма, кыялыма ушул жумуш аркылуу жетип жатам десем болот. Сүрөт тартуу үчүн адамдын дээринде болушу керек. Окуучулук кезимде эле колго сүрөт тартууга абдан кызыкчумун. Райондук олимпиадаларга, конкурстарга чейин барып келгем. Кийин шаарга келгенде ал талантым калып калды. Борбордогу таякем ошол убакта фото-видео студия иштетчү. Аны менен чогуу аралашып, тойлорго чыгып үйрөнүп баштадым. Окуган университетимде да иш-чараларды тартып, фотоаппарат көтөрүп ректордун жанында жүрө берчүмүн.

Мен көбүнчө "Love story", үйлөнүү тойлорду жана үй-бүлөлүк сүрөттөрдү тартам. Мыкты кадр чыгарыш үчүн алгач мен тартып жаткан адамдар менен тил табышуум керек. Себеби алар менен тил табыша албасам мыкты кадр ала албайм. Биринчи кезекте тил табышып, сүрөткө түшүп жаткан энергиясын көтөрүп, аларга маанай тартуулап, маек куруп алсам мыкты кадрларды чыгарам.

Ошондой эле мыкты кадр алыш үчүн фотографтар баарын кылат: жатат, турат, секирет, артынан чуркайт. Алдын ала арткы фонго, ракурска көңүл буруп, ашыкча нерселерди жок кылыш керек. Бул жерде командалык иш дагы маанилүү болуп саналат.

Негизи эле кыргыздын тойлору кызыктуу окуяларга бай келет эмеспи. Мен да ошондой эстен кеткис окуяларга кабылгам.

Бир жолу "Бакыт үйүнөн" мен тарта турган түгөйлөр каттоодон өтөр алдында тепкичтен түшүп келатып шымымды айрып алгам. Болгондо да катуу айрылган. Кетип калайын десем, түгөйлөрдүн дал ошол учурун тартышым керек. Тарта берейин десем, шымым айрык. Ошол жердеги курбу кыздын костюмун алып, белиме байлайын десем, ал да байланбайт. Эптеп курсагымды тартып жатып байлаганбыз (күлүп).

Эсимде, Беш-Күнгөй жакта жалгыз терек бар болчу. Ошонун астына түгөйлөрдү жаткырып, өзүм теректин үстүнө чыгып алып, аларды тартып жаткам. Ошол маалда терек сынып кеткен болчу. Бактыга жараша, эч жерим эч нерсе болгон эмес, фотоаппаратымды да сактап калгам.

Айрымдары мени бийчи катары таанышат. Бир жолу да тойдо сүрөт тартып жүрсөм, тамада мени бийлейт деп ортого чакырып салса болобу. Элдин баары мени карап турат, музыка башталды. Фотоаппаратымды артка коё салып эле бийледим, тургандар мага кол чаап, анан мага "приз" беришти. Бир учурда эле фотограф да, бийчи да болсо болот экен дегем.

Негизи кардар фотографка буйрутма берерде өзүнө жаккан фотографтарды издейт. Анын жараткан эмгектерин көрүп чыгат. Мисалы менде 100 пайыздын 1-2 пайызы жактырбай калган учурлар болгон. Беш кол тең эмес, биз ар кандай көз карашта тартабыз да, баарына сүрөттөрүм жагат деген ойдон алысмын. Жогоруда айтканымдай, кардар менен тил табышуу зырыл. Элге жараткан эмгегиң менен же адамдык сапаттарың менен жага аласың. Көбүнчө мени күлдүрүп тартасың дешип, сүрөттөрүмөн да өзүмдү жакшы көрүшөт.

Мен ар тармактуу фотографмын. Көбүнесе үй-бүлөлүк сүрөттөрдү тарткан жагат. Анткени алардын ошол учурдагы сезимдерин, балдарына жасаган мамилелерин көрүп, алар менен аралашып жүргөн сонун.

Темирбек уулу Аман

Сүрөт тартканга "СинемАрт" продакшн студиясында сүрөттөрдү оңдоп-түзөп иштеп жүргөндө кызыккам. Фотографтар тартып келген сүрөттөрдү көрүп жиним келе берчү. Эмнеге дегенде, алар өздөрү сүрөттөрдү оңдошчу эмес, мен тартам жана дароо оңдойм.

Мыкты фотограф болуу үчүн диафрагма, кадрды кармап калуу жана жарыктын көлөмүн көзөмөлдөөнү билсе эле тартып кете алат. Ошондой эле фотошоп-лайтрум программаларын да билүү кажет.

Биз абдан көп адамдар менен иштешкендиктен кызыктуу окуялар болуп турат. Айтсам, ырчы Сайкал Садыбакасованы тартып жатып 4 миң долларлык фотоаппаратымды, 1 жарым миң долларлык объективимди колуман түшүрүп алгам. Ошентип сынык фотоаппарат менен тарткам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан