ЭЛДИК КАБАР: "СССРдегидей кезекке туруп жүрөбүз". Окурман калкты тейлөө борборунун ишине нааразы болду

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук калкты тейлөө борборуна электрондук кезек деген бүгүнкү күнгө чейин жете элек. Мындай билдирүүнү окурман ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

"Паспорт менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк бир жерден берилет. Ошого дайыма кезек күтмөй. Жумуш эртең менен 8:00дө башталса, эл 6:30дан баштап жазылып, кезекке тура баштайт. Калкты тейлөө кызматынын кызматкерлери тааныштарын биринчи тейлейт.

Имарат эски, шарт жок. Даараткана сыртта жайгашкан. Ага кирип болбойт. Кыскасы Ноокендин тейлөө борборуна качан электрондук кезек коюлат? Сыртта XIX кылым биз болсо СССРдегидей кезекке туруп жүрөбүз" дейт тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан