Таанышын өлтүрүп, буту-колун таңып, жол четине таштап кеткен кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 3-декабрында болжол менен саат 17:00дөр чамасында Сузак районундагы “Санпа” пахта тазалоочу заводуна 150 метр жетпей жолдун четинде ак мүшөктөргө оролгон 25-30дар чамасында эркек кишинин жансыз денеси табылган. Колдору жип менен аркасына байланган абалда болгон.
Ыкчам жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн маркумдун өздүгү аныкталып, ал 1986-жылы туулган Абдувалиев Закиржан болуп чыкты.
Бир катар жүргүзүлгөн оперативдүү иштерден соң, жогорудагы кылмыш ишине шектелип 1978-жылы туулган Сузак районунун тургуну Саидов Икрамжан кармалган. Ал жогорудагы кылмышты жасагандыгын толугу менен мойнуна алып, жалгыз өзү жасаганын айткан.
Анын көрсөтмөсүндө маркум Абдувалиев Закиржан экөө 1-декабрь күнү өз ара сөз талашып уруша кетишкен. Ортодогу келишпестиктерден улам маркумду арматура менен башка чаап өлтүргөн. Андан соң мүшөккө ороп, жогорудагы айтылган жерге таштап кеткен.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.