Токмокто 74 жаштагы айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө 40 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 4-декабрь күнү Токмоктогу Ибраимов жана Дунларов көчөлөрүнүн кесилишинде Мазда 323 унаасынын айдоочусу сүзүп, качып кеткендигин маалымдаган.
Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе Чүй районунун 74 жаштагы тургунун кармашты. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.