Фотоальбом: Нурайым Азыкбаеванын буралган бийкеч кезинен 2 кыздын энеси болгон курагына чейинки сүрөттөрү

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, скрипкачы Нурайым Азыкбаева 33 жашка толду.

Ал 1989-жылы 3-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуп, ага удаа эле №1 музыкалык мектепте комуздан, Шубин атындагы мектепте скрипкадан сабак алган.

Мектепти аяктаган соң Улуттук консерваториянын скрипка бөлүмүнө тапшырып, андан сырткары И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин менеджмент факультетинде окуган. Атай Огомбаевдин "Эсимде" ырын скрипкада аткарып эл оозуна алынган.

Алгачкы жолу 14 жашында Прибалтика өлкөлөрүн кыдырган. Андан кийин ал бир нече өлкөлөрдө эл аралык сынактарга катышып, Кыргыз өлкөсүнүн желегин бир эмес, бир нече жолу желбиретип келген.

Учурда "Сейтек" балдар борборунда вокалдык-инструменталдык жана "Эне-Сай" студиясында вокалдан, скрипкадан сабак берип, 60ка чукул шакиртти тарбиялап келет.

Таланттуу үй-бүлөдөн түзүлгөн Эне-Сай тобу

Жолдошу белгилүү комузчу Назбек Кенчинбаев экөө эки кыздын бактылуу ата-энеси.

Түгөйлөр дуэт катары да көптөгөн эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды жеңип келишкен.

3-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Айчурок
2022-09-04 02:34:00
Сулуу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан