Бүгүн, 3-сентябрда эстрада ырчысы Арсен 34 жашка толду. Ал 1988-жылы Талас облусунун Көк-Ой айылында туулган. Бишкектеги Финансы техникумунда билим алган.
”Жаңы толкун-2011” Эл аралык сынагына Айбек Замиров менен бирге катышып, 4-орунду ээлеген. Ырчы "Тагдырың сага жазганда", "Сезим", "Сенин элесиң", "Жыргал ай" жана башка ондогон ырлардын аткаруучусу. Арсен мырза кыргыз ырларын европалык стилде ырдоо менен өзгөчөлөнөт.
Ырчынын туулган күнүнө карата анын балалык баёо кезинен, 2 кыздын атасы болгонго чейинки сүрөттөрүн сунуштайбыз.
БАЛАЛЫК ЧАГЫ
Арсен мырза 2018-жылы сүйүктүүсү Бегайымга баш кошуп, 2019-жылы Алия аттуу кыздуу болушкан. Ал эми 2020-жылы экинчи ирет кыздуу болушкан.
3-сентябрга карата жылнаама.