Түрк тилдүү элдердин салттуу музыкасы. Чолпон-Атада алгачкы жолу эл аралык симпозиум өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында алгачкы жолу түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара 4-сентябрда башталды. Симпозиум 9-сентябрга чейин уланмакчы.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Италия, Венгрия, Финландия, Австрия, Япония, Нидерланды, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Орусия Федерациясы, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан жана башка мамлекеттен келген илимпоздор, салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчүлөрү оффлайн жана онлайн катышууда.

"Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Комуз күнү жөнүндө” жарлыгын аткаруунун алкагында ишке ашырылып, түрк тилдүү элдердин музыкалык салттарын изилдөө, сактоо жана жайылтуу боюнча илимий-изилдөө иштеринин жалпы багыттарын иштеп чыгуу, салттуу музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөрдүн чыгармачыл байланыштарын бекемдөө жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр ээлерин коомчулукка таанытуу максатын көздөп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Симпозиум илимпоздордун, музыканттардын жана аткаруучулук, окутуучулук ишмердүүлүк менен алектенген искусство ишмерлеринин ортосундагы диалогго мүмкүнчүлүк берет. Программада презентациялар, талкуулар (тегерек столдор), концерттер, семинарлар каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан