Балыкчыда кинотеатрдын имаратына кыргыз киносунун жылдыздарынын сүрөттөрү түшүрүлдү

Балыкчыдагы "Ысык-Көл" кинотеатры оңдоп-түзөлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган театрдын башчысы Тилек Баратов билдирди.

Айтымында, театрдын имаратынын сырткы дубалына кыргыз киносунун каармандарынын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Мунун максаты кыргыз киносуна элдин кызыгуусун дагы да арттыруу болуп саналат.

"Азыр көпчүлүк жаштар батыштын киносуна ыктап жаткандай... Ал эми бул кадам менен биздин режиссёрлор да алардан кем калбаган тасмаларды тартканын айткыбыз келди. Ошол эле учурда биздин кинолордо таалим-тарбия идеологиясы жогорку деңгээлде чагылдырылганын көрсөткүбүз келди. Буюрса, жакынкы күндөрү шаар тургундары менен ачылышын жасап, салтанаттуу иш-чара өткөрүүнү максат кылып жатабыз", - дейт театрдын директору.

Дубалга түшүрүлгөн кино каармандарынын катарында "Очкарик", "Ак кеме" жана башка тасмалардын каармандарын көрүүгө болот.

"Бул жасалган жумуштардын чекеси гана. Театрыбызда мындан да чоң долбоорлор жүзөгө ашып, аягына чыгып калды. Анын баарына салтанаттуу ачылышта күбө болосуздар", - дейт Тилек Баратов.

Демилге кинотеатрдын жамаатына таандык. Демөөрчүлүк жагын Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Азамат Арнабек уулу колго алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Айгерим Абдыкалилова
2022-09-06 05:20:00
3
0
Айгерим Абдыкалилова
2022-09-06 05:20:00
566
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан