Актёр Нуржаасын Жумагулов SUPER.KG'нин каарманы Саламатка акчалай жардам берди

Актёр Нуржаасын Жумагулов SUPER.KG порталынын каарманы Саламат Ахматалиевге акчалай жардам берди. Бул тууралуу Саламат Ахматалиев өзү билдирди.

"SUPER.KG аркылуу кыргыз журтчулугуна кайрылгандан соң бир топ акчалай жардам келди. Операцияга керектелүүчү сумманын жарымынан көбү чогулду. 4-сентябрь күнү бизге бирөөлөр байланышка чыгып, акчалай жардам берерин айтып чакырышты. Барсак эле Нуржаасын Жумагулов байкебиз экен. Көпчүлүктүн арасынан мени тандап алганына аябай сүйүндүм. Нуржаасын байкеге ыраазычылыгымды билдирем, ден соолугу чың болуп, тезирээк айыгып кетсин. Буюрса, менин да операциям ийгиликтүү өтсүн деп тилек кылам", - деди Ахматалиев.

Белгилей кетсек, Саламат Ахматалиев төрөлгөндөн бери (врожденный сколиоз) омуртка оорусу менен жабыркап келет.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элсом: 0708 15 19 14,
Мбанк: 996 708 15 19 14,
О Деньги: 0708 15 19 14,
Оптима: 4169 5853 5568 6329,
Айыл банк: 9417 3785 0933 7182.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан