Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы Кызыл-Суу айылындагы Октябрдын 70 жылдыгы атындагы орто мектебинде окуучулар 3-4 нөөмөт менен окуп жатышат. Мындай билдирүүнү тургун ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.
Айтымында, жаңы курулуп жаткан мектепти сентябрга бүткөрүү пландалган.
"Эски мектептин абалы мышык ыйлагыдай. Жаңысы курулуп бүтө элек. Өкмөт бир билим уясын түптөй албаганы өкүнүчтүү", - деген ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.