Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров кызматтан кетүүгө акысы жок экенин өзүнүн Телеграм каналына жазды.
Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун Чеченстанды 15 жылдан бери жетектеп келе жаткан Рамзан Кадыров кызматтан кетүү тууралуу ойлонуп жатканын белгилеген. Ал Телеграм каналы аркылуу бул маалыматты тактады.
"Мен, албетте, жөн эле кетүүгө укугум жок. Эл мага жетекчилик кызматты ишенип тапшырды. Ал эми бул ишенимди актоо менин ыйык милдетим. Мен Орусиянын элинен жана президентинен сурап гана кете алам. Андыктан мөөнөтсүз өргүү тууралуу сөздү кийинкиге калтырабыз", - деп жазды Кадыров.