ЭЛДИК КАБАР: Токтогулдун Жетиген айылында бала бакча ачылды (фото)

Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагына караштуу Жетиген айылында 6-сентябрь күнү байланыш бөлүмүнүн имараты (почта), бала бакча жана кичи футбол аянтчасы ачылды. Билдирүүнү жергиликтүү тургун Нурсултан Жайлообай уулу ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

Анын айтымында, айылда 1993-жылдан бери бала бакча болгон эмес. Быйыл гана эски мектептин экинчи кабатын балдар бакчасы болуп ачылган.

"Кечээ, 6-сентябрда айылыбызда байланыш бөлүмү, бала бакчасы жана кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Байланыш бөлүмүнүн (почта) 2001-жылдан бери атайын кеңсеси жок эле.

Кичи футбол аянтчасы 2015-жылдан бери бар болчу, бирок атайын газон курулган эмес. Учурда элет эли кубанып турган кези", - деп билдирди ал.

Аталган имараттарды жабдуу "Жалал-Абад өнүктүрүү" фонду тарабынан каржыланган.

Маалымат үчүн: Жетиген айылынын калкынын саны 2 миң 800. Жалпы айдоо аянты 1320 гектарды түзөт. Айыл райондун борборунан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 2 000 метр бийиктикте жайгашканына карабай тоолуу аймакка кирбей калган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан