Токмоктун өнөр жай аймагындагы «Газпром Кыргызстандын» жаңы метан куюучу жайы кандай иштеп жатат

Мындан ары эми токмоктуктар тез жана кезексиз арзан, экологиялык таза метан куя алышат.

Эски автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станция 1989-жылдан бери иштеп келе жаткан жана өзүнүн ресурсун толук толук колдонуп бүттү. Станциянын кубаттуулугу жетишсиз болгондуктан, күндө кезек күткөндөрдүн саны көп болчу.

Ал эми жаңы май куюучу жайында кубаттуулук эки эсе жогорулады. Бир эле убакта мурдагыдай 3 машинага эмес, а машинага метан куйса болот жана анын ылдамдыгы мурункугу караганда үч эсеге жогорулатылды. Бул жай жана күз мезгилиндеги чегине жеткен жумуш убактысында кезек күтүү маселесин чечкенге жардам бермекчи.

Кандай жумуштар аткарылды:

  • 32 жылдан бери иштетилип келе жаткан жабдуулар жаңыртылды. Бул газдын басымын кысуу жана коё берүү ылдамдыгын 3 эсеге жогорулатты. Компрессордук орнотмолорго саатына 2000 куб өлчөмүндөгү газдын басымын кысууга мүмкүнчүлүк пайда болду;
  • эки түтүктүү метан куюучу 3 колонкалары курулду. Жыйынтыгында 6 машина бир эле учурда метан куюу мүмкүнчүлүгү пайда болду;
  • метанды кое берүү автоматташтырылды. Газды эсепке алуу боюнча жаңы система орнотулду.
  • автоматтык түрдө кургатуучу тутуму орнотулду. Бул газдын сапатын жогорулатууга жардам берет – автомобилдин кубаттуулугу, кыймылдаткычтын иштөө мөөнөтү жогорулайт жана чыгым азаят.

Токмок шаарында метан өтө белгилүү, себеби аны 2000ден ашык унаа ээлери колдонушат.

Чынгыз Жанузаков, Токмок шаарынын тургуну

«Мурда эски станция иштеп жаткан убакта биз дайыма кезекте турчу элек. Эски станция 1989-жылдан бери иштеп келе жатат жана дайыма бузула берчү. Бул жерде азыр кезек күтүү деген жок. Кардарларды тейлөө бир топ эсеге жогорулады».

Бекзат Алыбаев, Токмок шаарынын тургуну

«Мурда май куюу үчүн арыктар аркылуу өтчү элек. Кезек күтүү болбосо, анда жеңилирээк болот. Жалпысынан биз үчүн көп артыкчылыктар бар, анткени Токмок – бул такситтердин шаары болуп саналат жана көп айдоочулар ушул тармак аркылуу акча табышат. Бизге жеңил болуп калды, тез май куюп, көбүрөөк иштейбиз, жыйынтыгында көп каражат табабыз».

Александр Гребенюк, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары

«Биз дагы Токмоктун жашоочулары сыяктуу эле жаңы станциясынын ишке киришине кубанычтабыз. Биз эски станциянын баардык кемчиликтерин эске алуу менен мындан ары газ метанын куйган кардарлар тейлөө кызматынын жана метандын сапатына ыраазы болуп калыш үчүн бардык аракетин жумшоодобуз.

Компаниянын келечектеги планында мындан ары дагы метан отун тармагын өнүктүрүү каралган. Күйүүчү майдын бул түрүнүн артыкчылыктары талашсыз жана ачык көрүнүп турат, бул салттуу күйүүчү майлардын түрлөрүнө: бензин жана дизель отундарына салыштырмалуу эки жарым эсеге төмөн болушу жана энерго эффективдүүлүгү. Метандын октан саны 105ке чейин жетет жана экологиялык жактан таза – жаратылыш газы казылып алынган отундардын арасынан эң таза деп табылган».

Метандын октандык саны 105 бирдикти түзөт, бул аны рыноктогу бардык күйүүчү майлардан алда канча натыйжалуу жана күчтүү кылат. Метан коопсуз жана экологиялык жактан таза отун деп эсептелет. Ал абадан жеңил, ошондуктан басымды түшүргөндө топтолбой бууланат. Унаадан бөлүнүп чыккан газда көө жана күкүрт кошулмалары жок. Бул абанын түтүн менен булгануусун 9 эсеге азайтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан