5G – О! Мобилдик оператору баарын Бишкектеги тест зонасына чакырат

О! Мобилдик оператору блогерлер, журналисттер, ишкерлер жана активдүү видеоконтент сүйүүчүлөрү үчүн бешинчи муундагы мобилдик байланыштын акыркы технологиясын презентациялады. Биз да катыштык, маанилүү жаңылыктар менен бөлүшөбүз.

Сөз компаниянын өнүмдөрү боюнча директору Юрий Челбаковго берилди.

«Ошентип, Кыргызстанда 5G боюнча белгилүү дата – 2022-жылдын 3-августу болуп калды. Алгачкы сыноолор өткөрүлгөндөн кийин Бишкек шаарындагы башкы O!Store дүкөнүнүн аймагындагы тест зонасы пилоттук режимде ишке киришти. Бул жерден бардык каалоочулар ылдамдыкты сынап, спидометрдин 4Gге салыштырмалуу 10 эсе жогору чыкканын көрө алат».

Так дарек менен макаланын аягында бөлүшөбүз.

Бизге келечектеги автону 3D форматта көргөн автогиганттардын инженерлеринин ролуна кирүү сунуш кылынды. AR-көз айнектерди* тагып, абада колдорубуз менен көңүлдүү аракеттерди аткаруу аркылуу автоунаанын тормоздук суппортторун өз алдынча модернизациялап көрдүк.

Элестетип көрүңүзчү, баарын башкаруу үчүн сизге пульттун да, джойстиктин да кереги жок! Абадан же колуңуздан эле баскычтарды бассаңыз, баары иштей баштайт! Дисктүү телефондорду колдонгон муун үчүн бул – фантастика… Видеочалуулар да мурункудай болбой калат.

Албетте, бул азырынча пилоттук долбоор. Массалык түрдө ишке киргизгенге чейин дагы бир нече этап бар: жыштыктардын тооругу жана алардын мамлекет тарабынан бөлүштүрүлүшү, инфраструктуранын курулушу. Ишке киргизүү этаптар менен жүргүзүлөт, андыктан, чуркап барып смартфонду алмаштыруунун кажети жок. Албетте, кийинки ала турган девайсыңыз 5G технологиясын камтыса жакшы болмок.

Жөнөкөй тил менен айтканда

«5G – бул белгилүү бир участокто жогорку ылдамдыктагы интернетти камсыздоочу өзүнчө радиостудиялар. Алардын саны көп болууга тийиш, бирок эч кандай тынчсыздануунун кереги жок. Анткени алар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Башкача айтканда, секиден сигнал алыш үчүн телефонуңуз «кыйналбайт», демек, андан электромагниттик нурлануу да эки эсе аз чыгат», – деп түшүндүрдү Юрий.

5G түйүнү 4G менен интеграцияланса андан да ыңгайлуу болот, эки түйүндүн ортосунда которулуу жеңил болуп, сервистин деңгээли кыйла жогорулайт. Бул түйүн жогорку ылдамдыкта көбүрөөк мобилдик түзүлүштү камтый алат, маалымат өткөрүүнүн тактыгы жогорулайт, ал эми кечигүүлөрдүн саны азаят.

Санарип келечектеги жашоо кандай болот

Санариптештирүү бизди санарип экономика менен 4.0. индустрияга алып келүүдө. 10 жыл мурун ойго келбеген нерселер бүгүнкү күндө кадыресе көрүнүшкө айланды.

«Ооба, азыр биз банкка барбай эле акча которобуз, патентти онлайн жолжоболоштурабыз, кофе үчүн телефон менен төлөйбүз. Мунун баары менин сүйүктүү «Мой О!» тиркемесинин жардамы менен ишке ашууда. Менин оюмча, «Мой О!» - Кыргызстандагы эң мыкты тиркеме!», – дейт блогер Байгазы.

Диджитализациянын натыйжалары мына ушундай. Эми мындан ары эмне болот?

5G технологиясынын чыныгы пайдалары – бизнес, өнөр жай тармактарында, агросектордо, так жана экономикалык дыйканчылыкта, медицинада, энергетикада, азыркыдан да «акылдуу» шаарларды курууда.

Суперкеңсе

Санарип өнүмдөрдүн кантип жана кайсы жерде өндүрүлгөнү да маанилүү эмеспи. Жумушчу зоналар биз көрүп жүргөндөрдөн таптакыр башкача. Ololo ко-воркингдер тармагынын тең негиздөөчүсү Креативдүү индустриялар ассоциациясынын байкоочулар кеңешинин төрагасы Данияр Аманалиев О! кеңсеси чындап эле мыкты экенин белгиледи. Чынын айтсак, ал жерден кеткибиз келген жок! Баса, эгер сиз мыкты программист же иштеп чыгуучу болсоңуз жана бул жерде иштөөнү кааласаңыз, резюмеңизди hr@nurtelecom.kg дарегине жибериңиз

Жогорку технологиялардын зонасына кош келиңиздер

О! Мобилдик операторунун тест зонасы бардык каалоочулар үчүн ачык жана O!Store дүкөнү, Абдрахманов көч., (мурдагы Совет көч.) 170/2 (Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда) дареги боюнча саат 09:00дөн 19:00гө чейин, тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт.

О! Мобилдик операторунан 5G – ылдамдыктын жаңы формуласы.

*AR толукталган реалдуулуктун көз айнектери – бул алдында турган буюмга багытталуу менен сүрөт жараткан түзүлүш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан