Бүгүн, 8-сентябрда Бишкектеги тойканалардын биринде блогер жана актриса Нуриза Бектурованын кыз узатуу тою өтүүдө.
Тойго эки жаштын достору, туугандары жана тааныштары катышууда.
6-сентябрда "Супер малина" тасмасынын баш каармандары актёр Медер Нуркадыров менен актриса Нуриза Бектурова нике күбөлүгүн алышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Медер Нуркадыров Нуриза Бектурованын колун "Супер малина" тасмасынын алгачкы бет ачарында көрүүчүлөр алдында сураган. Вайнерлер "Малиновые отношения" деп аталган күлкүлүү вайндарды тартып, видеодо түгөйлөрдүн ортосундагы мамилелерди көрсөтүп келишкен.