Казакстан кийинки жылы 4 күндүк иш жумалыгына өтөт

Коңшу Казакстанда 2023-жылдан тарта аптасына 4 күн иштөө режими киргизилет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка таянсак, мекеме-ишканалар эмгек келшимине ылайык 4 күндүк иштөө графигине өтөт, ошондой эле тараптар 5 же 6 күндүк иштөө графигин өз ара түзүп алуу укугу сакталып калат.

"Жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамга ылайык, 4 күндүк иштөө графиги кызматкерге ар жылдык акы төлөнүүчү эмгек өргүүнүн узактыгына, эмгек стажын эсептөөгө жана жамааттык келишимдерде белгиленген эмгек чөйрөсүндөгү башка укуктарга чектөөлөрдү алып келбейт", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан