Өз баласын берип, эки жаш келинди кайыр суроого мажбурлаган Өзбекстандын жараны кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ленин РИИБинин кызматкери тарабынан 3-декабрь күнү саат 14:30дар чамасында Бишкек шаарынын Л.Толстой көчөсүндө эки жаш келин 4 айлык бала менен кайыр сурап жүргөн жеринен кармалышкан. Аларды суракка алышканда Өзбекстандын жараны Фарида аттуу аял 4 айлык өз баласын берип, кайыр суроого мажбурлаганын айтышкан. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.