Абылгазиев өзүнө козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди. Башкы прокуратура маалыматты тастыктай элек

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө карата козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, иш былтыр август айында кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кыскартылган. Башкы прокуратурага байланышканыбызда маалыматты тактап берерин билдиришкен бойдон ырасташкан да, четке кагышкан да жок.

Абылгазиевди УКМК былтыр 26-январда коррупция жана мыйзамсыз баюу беренелерининн негизинде кармаганын маалымдаган. Жети айдан кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 20-августтагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган. Атайын кызмат ал мамлекетке 50 миллион сом төлөп бергенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан