Поэтерапия: "Кыз төрөлсө туяк эмес дегендер, канчалаган үй-бүлөнү ураткан"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Ырыс Оморкулова.

Ырыс Оморкулова 1981-жылы 3-августта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген. Каарманыбыз ыр дүйнөсүнө балалык кезинен баштап кызыгат. Ырлары гезит-журналдарга жарыяланып келген. Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси. Учурда Бишкек шаарында жашап, жеке ишкерлик менен алектенет.

Чыңгыз дүйнө

Тээ алыстан дүбүрт салып Гүлсарат,
Жер Эне да Толгонайга үн салат.
Саманчынын жолун карап Жамийла,
Даниярга бүткөн өңдүү ыр канат.

Тирүүлүктү улантууга Бугу Эне,
Бешик алып адамзатка баратат.
Узун түндүн кучагында Сейде да,
Ысмайылын күтүү менен таң атат.

Ак жаан менен аралышып асмандан,
Үнү угулат эрте келген турнанын.
Долон ашып бара жатып Илияз,
Ырдайт мукам Аселге арнап ырларын.

Султанмурат Мырзагүлгө кат жазып,
Иничегин кат берүүгө жөнөтөт.
Дөбөчөдө урап калган там ичи,
Дүйшөн анда тамгаларын үйрөтөт.

Алтынайы тээ алыста эрбейип,
Түшкөн өңдүү турмуш менен жарышка.
Жылт эткен бир үмүт менен илгери,
Ташкент көздөй жөнөйт билим алышка.

Суугуна бороонуна карабай,
Кичинекей мектебинде уядай.
Сырт дүйнөгө саякатын жүргүзөт,
Инкамал да, бар билимин аябай.

Күн, Жер, Айды кучагына батырып,
Терең ойлор,терең сырлар катылып.
Тоо арасын жойлоп жүрөт Акбара,
Бөлтүрүгүн тоо бооруна жашырып.

Жана дагы Бир күн кылым карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.
Каармандары Чыңгыздын кең ааламы,
Бүт дүйнөгө кыргыз элин тааныткан.

Дүңгүрөтүп дүйнө элине тааныткан,
Жүз элүүдөн ашык тилди багынткан.
Чыңгыз аалам, ал кылымдын үндөшү,
Эл сыймыгы, ал Чыңгыздын дүйнөсү.

Бул ырым кыргызды бүтүндөй дүйнө элине таанытып, эбегейсиз зор эмгеги менен аты кылымдарга калган Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазылган.

Бир өксүк

Түн ортосу, жылдыз толгон асманга,
Ай да жарык, аппак сүттөй төгүлгөн.
Тээ алыста тоолор уктап жаткандай,
Төө сыяктуу өркөчтөнүп чөгүлгөн.

Ажайып кооз,Чыйырчыктын жайлоосу,
Мемиреген тынч уйкуда жаткандай.
Шарты ушундай жай чилденин дегенсип,
Саратандар сайран куруп аткандай.

Боз үй ичи, бүл-бүл жанган таш панар,
Бир бурчунда толгоо тарткан жаш келин.
Бузбайын деп үй ичинде тынчтыкты,
Билгизбестен ичке катат бүт демин.

Көздөн жашы тынбай улам төгүлө,
Улам күчөп, жаны көзгө көрүнө.
Жанындагы секелекти ойготту,
Эстен танып бирде келип өзүнө.

Тур, турагой мага толгоо келгендей,
Чакыр деди, кошунаны, жеңемди.
Уйку соодо эки көзүн ушалап,
Чуркап кетти жаш секелек эрбеңдей.

Чекесинен чыпылдаган тер кетти,
Чеңгелинен чыга албай толгоонун.
Бир убакта эстен танып баратты,
Башкаралбай тулку боюн, колдорун.

Эки-үч аял, эрбеңдеген секелек,
Эси кетти, билбей кандай кылаарын.
Жакын жерде, жардам берер киши жок,
Кимге барып, кимден жардам сураарын.

Бир убакта кайраттана бир жеңе,
Эсти жый деп жаакка чапты келинди.
Ал антпесе алдан тайып баратып,
Оо дүйнөгө кетүүчүдөй сезилди.

Чоочуй түшүп чыйралгандай жаш келин,
Бардык күчүн бир демине жыйнады.
Оо, Жараткан, жардам кыла көргүн деп,
Жардам сурап, жалбарына ыйлады.

Миң тамыры үзүлгөндөй зыркырап,
Мүчөлөрү бөлүнгөндөй жигинен.
Көл-шал болуп, жамгыр сындуу тер кетти,
Ээ-жаа бербей, жаш аралаш жүзүнөн.

Айтса айтпаса, эне болуу оңойбу,
Чымыркана бүт ал күчүн жыйнады.
Баа деп келди, бул дүйнөгө наристе,
Эне байкуш кубанычтан ыйлады.

Ооба, ооба, менмин ошол наристе,
Толгоо берип, апакемди кыйнаган.
Yй-бүлөгө чоң бакытты тартуулап,
Кубанычтар ай-ааламга сыйбаган.

Эркелетип, көз карегим караган,
Ата-энемдин мээриминен айланам.
Бирок аттиң, бала келбей артымдан,
Бир тууган жок, өйдө ылдыйда жандаган.

Бир кыз менен төрөбөсөң уят деп,
Бир уул болсо, артыңдагы туяк деп.
Акырында эки жолго түшүшкөн,
Тажагандай суук сөздөрдөн кулак жеп.

Эркелешпей ата менен кызындай,
Мен атанын мээримине канбадым.
Апам кымбат, апам мага бакыт да,
Чоңойгончо мен апамды жандадым.

Атам менен көп жыл өтүп табыштым,
Акыл кирип, он алтыга чыкканда.
Жүрөгүмдө орду толгус арман бар,
Сезилбеген, боору бүтүн укканда.

Бирок аттиң бул ирет да аябай,
Тагдыр мага таш боорлугуң кылдың ээ?
Кырк үч жашта суусун бербей элүүнүн,
Атакемди ажал алып тындың ээ?

Мейли кантем, шүгүр деймин баарына,
Yй-бүлөм бар, апам менин тирегим.
Кандай жашоо берсең дагы Жараткан,
Бир өзүңдүн буйругуң деп билемин.

Айтаар сөзүм уулду дагы, кызды да,
Пендесине берет тура Жараткан.
Кыз төрөлсө туяк эмес дегендер,
Канчалаган үй-бүлөнү ураткан.

Уулбу, кызбы өмүрлөрүн тилейли,
Энелердин кадыр-баркын билели.
Канча жандар кызыл этке зар болуп,
Кудайымдан бала тилеп жүрбөйбү.

Шүгүр кылам

Мен унутсам, мени такыр унутпай,
Кайда барсам жүрөгүмдө түнөгөн.
Текебердик кылган кезде байкабай,
Сактап турган кесир менен күнөөдөн.

Турпатымды ушул бойдон сүйө алган,
Жан дүйнөмдү айттырбастан туя алган.
Жымжырттыкка сиңип кетсем чеги жок,
Үнсүздүктөн бар үнүмдү уга алган.

Кайгы тартсам, сабыр менен дос кылып,
Кубанганда нур жүзүмдө жайнаган.
Акы доолап же сурабай кайрымын,
Бакыт, сүйүү баарын бекер арнаган.

Жакшыларды жанаштырып жаныма,
Тообо кылсам, миң күнөөмдү кечирген.
Мени дагы кекчилдиктен арылтып,
Таарынычты көөдөндөгү кетирген.

Аруу сезим тартуу кылып, сый кылып,
Махабаттын улуулугун сездирген.
Жаратканым бир өзүңө ыракмат,
Шүгүр кылам бардыгына чын дилден.

Жолдошума

Канча жылды бирге басып өткөрдүк,
Бирде толсок, бирде кайра бөксөрдүк.
Баш кошкондо бала мүнөз кыялдар,
Баары калып, азыр эми токтолдук.

Турду кээде казан-аяк кагышып,
Алаксыдык балдар менен табышып.
Ошондогу томпоңдогон эки уулум,
Жигит болду бой тиреше жарышып.

Жаратканым буйрук кылган тагдырдын,
Ыраазы болдук азына да, кемине.
Кызым жокд еп кынырылып сүйлөнбө,
Келин алсак, кызың эмей эмине.

Түндүгүңдүн чамгарагын түшүрбөй,
Аман болсун көч улачу уулдарың.
Ынтымакта бир басалы дагы да,
Жаратканым буйруп койгон жылдарын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан