Бүгүн, 11-сентябрда ырчы, алып баруучу жана тамада Чыңгыз Мырзаев 39 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.
"Бүгүнкү күнүм дайымкыдай эле башталды. Түнкү саат 12ден баштап ата-энем, келинчегим, кыздарым, бир туугандарым куттукташты. Алар мага айтпай сюрприз кылып чай уюштуруп коюшуптур. Кечинде болсо дос балдарым менен жолугам. Ушул күндү көрсөткөнүнө Кудайга шүгүр деп жатам", - деди ал.
Чыңгыз Мырзаев 1983-жылы Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылында туулган. Ал 9-классты аяктап, Жалал-Абаддагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумуна тапшырган. Учурда үй-бүлөлүү, кыздары бар.
Чыңгыз Мырзаев радиодон сырткары КТРКда "Замана", "Арноо концерти" жана башка бир катар берүүлөрдү алып барганы менен элге таанылган.