ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Мектепте 1-класстар үчүн китептер жок, баарын базардан сатып алдык"

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын тургуну кайрылды.

Жергиликтүү тургун балдарына мектепте керектүү окуу китептери жок болгондуктан базардан сатып берүүгө туура келгенин айтты.

"Эмне үчүн жылда окуу китептерди алмаштыра беришет? Мисалы, 2 жыл мурун балам 1-класста окуп баштаганда китептерди сатып бергенбиз. Ал китептер быйыл 1-класста окуган балама колдонулбайт экен. Мектепте жок болгондуктан бардык китептерди базардан сатып алдык.

Менин 4 балам мектепте окуйт. Аларга деле китеп жетпейт. Жок эле дегенде мектептерди китеп менен толук камсыз кылса. Мектептен ижарага алсак ата-энелерге жеңилдик болмок", - дейт ал.

Ошондой эле тургун базардан сатып алган китептер бир гана жолу колдонуларын кошумчалады.

"Китептин мукабасы, автору да окшош. Салыштырып көрсөк ичи ар башка, бир жыл чыккан китеп экинчи-үчүнчү жылы чыкканына дал келбейт", - деп кошумчалады ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurlan90
2022-09-12 18:26:00
Эн туура айткан.Жылда жаны китеп чыгат,былтыркы улууларына сатып берген китептер жарабай калат.Китептен да бизнес жасап жатышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан