Кыргыз жаранын өлтүрдү делген экс-футболчу Михаил Рекуданов 6 жылга абакка буюрулду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражатты кечээ, 5-декабрда жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, москвалык “Торпедо” футболдук клубунун мурунку оюнчусу 28 жаштагы Михаил Рекуданов жакынкы 6 жыл убактысын күчөтүлгөн режимдеги колонияда өткөрөт.
Акыркы сот отурумунда Рекуданов эки жаат болуп мушташып, жыйынтыгында Кыргызстандын жараны бычакталып өлгөнүн тактады. Бирок, мушташтын демилгечиси маркум жигит болгон деген пикирге таянып, кылмышкердин жазасы жеңилдетилген.
Эске салсак, окуя үстүбүздөгү жылдын 22-май түнү, түнкү саат төрттөр чамасында катталган. Анда Рекуданов жанындагы 2 досу менен такси кармап, анын айдоочусу, кыргызстандык жаран менен урушуп кеткени айтылган. Уруштун артынан мушташ чыгып, жыйынтыгында Рекуданов 1991-жылы туулган А.Майлибаевди качып бараткан жеринен кууп жетип, бычактап салган. Алган оор жаракатынан улам кыргыз жигити ошол жерден жан берген.