SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы Гульниза Эргешова болду.
Гульниза Эргешова 1989-жылы 24-февралда Ош облусуна караштуу Алай районунун Коңур-Дөбө айылында туулган. Мамат Ташиев атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктап андан соң ОшМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Автордук китептери басылып чыкканга даярдалып жатат. Бир кыз, 2 уулдун мээримдүү энеси. Учурда Орусия жергесинде эмгектенип жүрөт.
Эртең дебе
Эртең дебе! Ата-энеңе чал бүгүн!
Жетип бар да, жандарында кал бүгүн.
Көзүнөн өөп, колунан өөп, кучактап,
Көзү барда ак батасын ал бүгүн.
Эртең дебе! Бүгүн оңдо өзүңдү,
Жакыныңа арна жылуу сөзүңдү.
Эртеңкиге кепилдик жок андыктан,
Аңдап-туюп ачкын бүгүн көзүңдү!
Эртең дебе! Бүгүн тообо кылгының,
Эс -акылың, ойлоруңду жыйгының.
Сабак болсун жер алдында жаткандар,
Ажал үчүн маанилүү эмес кимдигиң!
Эртең дебе! Аткар бүгүн парзынды,
Болсо колдо бергин бүгүн карзыңды.
Таарынтканды кечир. Сура кечирим,
Башта баарын, башкадан кем жансыңбы!
Ташсыз калган сааттай бир күн токтойбуз,
Жоктолобуз. Жок болобуз. Жоктойбуз.
Билгендердин карегине сакталып,
Бир дүр этип күйүп өчкөн оттойбуз.
Аялмын да
Аялмын да. Кээде эле толуп чыгам,
Акылы аз адамдай болуп чыгам.
Ачууланып, сүйлөнүп, күбүрөнүп,
Үйдүн баарын тазалап коюп тынам.
Аялмын да. Кээде эле жашып кетем,
Көз жашымды көл кылып ташып кетем.
Өзүм сүйлөп кайра өзүм таарынам да,
Өрт чыгарып жиберем, шашып кетем.
Аялмын да. Кийингим келип кетет,
Ашыкча эле сүйүлгүм келип кетет.
Көңүл буруу көп эле талап кылып,
Көөдөнүмө үңүлгүм келип кетет.
Аялмын да. Кайра эле балкып кетем,
Күндөй болуп ачылып жаркып кетем.
Ара жолго калтырбай не болбосун,
Арабасын турмуштун тартып кетем.
Аялмын да...
Өзүңө-өзүң керексиң
Өмүрдө көптү ылгай бил,
Өзөккө сырды жыйнай бил.
Өзгөлөр мейли сезбесин,
Өзүңдү-өзүң сыйлай бил!
Туйгусун жардын аңдай бил,
Турмушта бирге кайнай бил.
Унутуп калбай өзүңө,
Убакыт кээде арнай бил.
Тууганды, досту колдой бил,
Тумандуу күндө коргой бил.
Өтө эле кетпей чачылып,
Өзүңдү дагы ойлой бил.
Соолугуң сакта демек тим,
Оорусаң жанын берет ким?!
Өмүрдү жаша кор кылбай,
Өзүңө-өзүң керексиң!
Оорусаң жанын берет ким?
Өзүңө-өзүң керексиң!