Баңгизат жайылтуу менен алектенген аял кармалды

Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан борбордо баңгизат таратуу менен алектенген 37 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек ШИИББине Чүй облусунун 37 жаштагы тургуну Н.Венера аттуу аялдын баңгизат жайылтып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон тарта башкармалык кызматкерлери шектелген айымды тымызын аңдууга алышкан. Аңдуу учурунда Н.Венеранын баңгизат таратып жүргөнү аныкталып, ШИИББ кызматкерлери аталган адамды кармашты. Колго түшкөн Н. Венераны тинткенде анын жанынан 238 грамм гашиш табылган. Учурда ага кылмыш иши козголуп, сурак жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан