Ысык-Көлдө мас абалында айылдашын өлтүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда мас абалында айылдашын өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, 10-сентябрда милицияга райондук оорукананын "Тез жардам" бөлүмүнөн билдирүү түшүп, анда ошол эле күнү саат 04:25 чамасында Дархан айылынын 45 жаштагы А.Б. аттуу тургуну денесинен оор жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага түшкөнү маалымдалган.

"Ыкчам тергөө тобу Дархан айылынын 31 жаштагы тургуну С.К. жана жабырлануучу спирт ичимдигин ичип, өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкенин аныктаган. Мушташтын кесепетинен А.Б. алган жаракатынан улам эс-учун жоготуп, көчөдө жатып калган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми жабырлануучу айылдаштары тарабынан ооруканага жетирилип, бирок эсине келбей каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары кармалган С.К. эки айга камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан