Садыр Жапаров Өзбекстанга иш сапары менен барды (фото)

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын учагы Самарканд шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Аэропорттун флагштокторуна ШКУ Саммитине катыша турган өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан