Индияда мектеп окуучулары бар автобус оодарылып кетип, кеминде 16 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматта айтылгандай, кечээ, 14-сентябрь күнү Индиянын Пунч шаарында окуучуларды алып бара жаткан автобустун айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен кеминде 16 адам каза болуп, 20га жакыны жаракат алган. Каза болгондордун арасында 5 жаштагы бала бар экени айтылат. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү мектеп окуучулары болгон.