Жамгырчиев кырсыкка кабылган унааларга салынуучу айып пулду алып салууну сунуштады

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Эмил Жамгырчиев айрым айып пулдар жарандарга оор келип жаткандыгын айтып, өкмөткө бул боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

"Акыркы убакта жарандарды айыпка жыгуу боюнча мыйзамдарды кабыл алуудабыз. Маселен жол кырсыктарында эки унаа сүзүшкөн учурда чыгымы 2 миң сом болсо, айып пулу 10 миң сом. Аны да экөөнөн тең алат, кимиси күнөөлүү айырмасы жок. Бири-бирине дооматы жок болсо, сүйлөшүү жолу менен чечип алып эле кетип калышса. Өзүңүздөр билгендей көптөгөн жарандарыбыз такси кызматы менен тиричилик кылышат, андай айыпты төлөгөнгө шарты жок”, - деди ал.

Өкмөткө бул боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан