Бажы кызматынын мурдагы жетекчисине 1 миллион сом айып салынды

Сот Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адилет Кубанычбековду күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан таратышты.

Кабарлангандай, Адилет Кубанычбековго карата козголгон иштин алкагында жеңилдетилген товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулуп келгени боюнча фактылар аныкталган.

Мындан тышкары акыркысы жеке баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгынын артына жашынып, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра баалаган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды моюнуна алып, ага байланыштуу Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Адилет Кубанычбеков 17-январда кармалып, кайра 18-мартта Биринчи Май райондук сотунун чечими менен абактан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан