Иран мамлекети Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) кирүү тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
"Бүгүн, 15-сентябрда Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде Иран мамлекетинин аталган уюмга кирүү тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул Ирандын эл аралык жана регионалдык мамилелерине чоң таасир берет", - деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 2001-жылы негизделген. Анын туруктуу мүчөлөрүнө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан өлкөлөрү кирет. Ал эми Афганистан, Беларусь, Монголия байкоочу макамына ээ. Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка өлкөсү өнөктөш мамлекеттер болуп саналат.