Садыр Жапаров Путин менен Самаркандда жолугушту

Самаркандда (Өзбекстан) өлкө башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашкан.

Жолугушуунун соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдиришкен.

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 2001-жылы негизделген. Анын туруктуу мүчөлөрүнө Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан өлкөлөрү кирет. Ал эми Ооганстан, Беларусь, Монголия байкоочу макамына ээ. Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия, Шри-Ланка өлкөсү өнөктөш мамлекеттер болуп саналат.

видео интернеттен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан