Тажик тараптын куралдуу кол салуусу. Окуянын хронологиясы

14-сентябрда саат 08:00дө тажик тарап "Булак-Башы" аймагында куралдуу агрессияны көрсөтүп, Самаркандек конушун кошкондо 5 багытта ок атуучу куралдардан жана миномёттордон атуу башталган.

Саат 06:00дө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде дагы курал колдонуу фактысы катталды.
Андан ары саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасынын жооптуу бөлүгүн миномёттон аткылоого киришти.

Кийинчерээк таңкы саат 7:15те тажик аскер кызматкерлери Баткен районундагы Паскы-Арык аймагында жайгашкан Самаркандек чек ара заставасын аткылай башташты.

2022-жылдын 16-сентябры саат 07:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.

Бирок эртең мененки саат 8:30да да, 11:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарбай, Кыргызстандын аймагындагы жарандык объектилерди аткылоону улантууда. Тажик аскерлеринин агрессиясы көрүнүп турат.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы саат 14:00гө карата Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп жатканын билдирди.

Кыргызстан жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыгында саат 17:04тө мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атышууну толук токтотуу боюнча макулдашууга жетишилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан