Коңшу Казакстандын борбору Астана шаарында Нур-Султан деген жазуулар демонтаждалууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
17-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын борборун Нур-Султан шаарынан мурдагы Астана деп өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Учурда шаардагы Нур-Султан деген жазуулардын баары демонтаждалууда.
Астана шаары 2019-жылы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.