Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) "Талибан" кыймылын Ооганстанда кыздар үчүн орто мектеп ачууга чакырды. Бул тууралуу аталган уюмга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, БУУ кыздардын билим алуусуна тыюу салуу кыз-келиндердин укугун бузуп жатканын белгилеген. Ошондой эле кыздардын билим алуусуна тоскоолдук жаратуу менен Ооганстандын келечегине чоң зыян келери кошумчаланган.
Эскерте кетсек, "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин кыздарга мектепке барууга тыюу салышкан.