4-декабрь күнү Сокулук районунун 32 жаштагы тургуну И.Бакыт арыз менен кайрылган. Ал арызында "Ош базарынан" белгисиз 3 бала күч колдонуп 4000 сомдук Нокиа-205 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана жанында болгон документтерин тартып алышканын билдирген.
Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы кылмыш ишине шектелип 37 жаштагы Р.Бакытбек кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.