Ирандын тургундары туура эмес хиджаб кийгени үчүн полиция тарабынан кармалган Махса Амининин өлүмүнөн кийин үчүнчү күн катары менен өлкө боюнча көчөгө чыгууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 22 жаштагы ирандык Махса Амининин каза болгондон кийин Тегеранда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин аракетине каршы нааразычылык акциялары күч алууда. Митингге чыккандар полиция кызматкерлери кызды катуу сабаганын айтышууда.
Интернетте ирандык атактуулар маркум Аминиге тилектештигин билдирип, чачтарын кыркып чыккан сүрөттөр жана видеолор көбөйүүдө.
Ирандын Күрт аймагында коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок атып, жыйынтыгында 5 адам каза болгондугу айтылды.
Өз кезегинде Ирандын полициясы Амининин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин, кыздын полиция бөлүмүндө күтүүсүздөн эсин жоготуп жыгылганын жана физикалык зордук-зомбулукка кабылбаганын көрсөткөн видеокөзөмөл камераларынын кадрларын жарыялаган.